Милиция балдарын уруп, таштап кеткен атасын чакырттырган аялды издөөдө

Милиция балдарын уруп, таштап кеткен атасын чакырттырган аялды издөөдө.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция сабоо фактысы боюнча шаар аймагында издөө иштерин жүргүзүүдө.

Социалдык тармактарда балдарын атасы кетип калгандыктан сабаган аялдын видеосу тараган.

Кээ бир ММКларда балдарын сабаган аялдын сүрөтү жарыяланган.