Бишкектеги №6-стоматологиялык бейтапкананын дарыгерлери жарандарды
каттоосуз кабыл алгандары аныкталды. Башкы прокуратурадан кабарлашкандай,
каттоосуз кароодон өткөн 16 жарым миң бейтап бар. Ал эми алардан түшкөн
3 миллионго жакын каражат кассага түшкөн эмес. Аталган факты кызматынан
кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча бирдиктүү реестрге катталды.
Иликтөө иштерин экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы алып барат, — дешти прокуратурадан.