Жалал-Абаддын символикалык атрибуттары жаңыртылат

Жалал-Абаддын символикалык атрибуттары жаңыртылат. Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, сынакка бардык каалоочулар катышып, эмгектерин сунуштай алышат.

 

Жеңүүчүлөргө жалпысынан 200 миң сом  бөлүнөт. Сынактын жыйынтыгы 15-ноябрда чыгарылат. Облустун символикалык атрибуттары 1998-жылдары кабыл алынган. Кийин алардын айрымдары саясий партиялардын эн белгилерине окшоп калгандыктан колдонулбай калган.