Мэрия бишкектиктерди жалбырактарды өрттөбөөгө чакырат. Басымдуу учурларда алар менен пластик таштандылары кошо күйүп жатат. Өрттөлгөн учурда ал уулуу заттарды бөлүп чыгарып, ден-соолукка зыян келтирет.
Ошондой эле, шаардын абасын булгайт. Муниципалитеттен эске салышкандай, жалбырактарды жана башка таштандыларды өрттөө үчүн 5,5 миң сом айып каралган.