Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин электр энергиясы Элебесов, Карагач көчөлөрүндө, Чыңгыз Айтматов проспектинде, Дордой, Ак-Ордо, Көлмө, Ак-Өргө, Көк-Жар, Бакай-Ата конуштарында жок болот.

 

Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.