Ордо калаада 19 буу казан 1-октябрга чейин газга өткөрүлөт

Ордо калаада 19 буу казан 1-октябрга чейин газга өткөрүлөт.

Мэриянын маалыматына ылайык, меморандум түзүлүп, документке кол коюлду.

Анын алкагында, 15 мектептин жана 3 бала бакчанын от казандары көгүлтүр от менен иштеп баштайт.

Мындай чара ордо калааны каптап жаткан түтүнгө байланыштуу. Белгилеп кетсек,

«Бишкек жылуулук энерго» ишканасы 66 буу казанды тейлейт.

Алар  көмүр, газ электр энергиясы жана аралаш түрүндө жылыйт.