Өлкөдө 100 миңден ашык жаран салык карыздары боюнча онлайн-маалымкат алды

Өлкөдө 100 миңден ашык жаран салык карыздары боюнча онлайн-маалымкат алды. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, мындай мүмкүнчүлүк өткөн жылдын октябрь айынан бери жеткиликтүү.

 

Салык төлөөчүлөр Cabinet.salyk.kg сайтынан жеке кабинетке кирип маалымкатты алса болот. Арыз 2 күндүн ичинде даяр болот. Санарип документ кагаз варианттагыдай эле юридикалык күчкө ээ, — дешти ведомстводон.