Кыргызстан Афганистанга жардам көрсөтөт

Кыргызстан Афганистанга жардам көрсөтөт.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин айтымында,

Афганистандык студенттерге Кыргызстандын жогорку окуу жайларында

билим алуу үчүн 500гө чейин виза берилет. Андан тышкары, абал турукташып,

аба кемелеринин коопсуздугу камсыздалганда азык-түлүк түрүндө

гуманитардык жардам жөнөтүлөт. Белгилеп кетсек, буга чейин

Кабулдан 20дан ашык кыргызстандык эвакуацияланган.