Москва районундагы Ак-Башат айылында мектептин жаңы 225 орундуу корпусу курулууда

Москва районундагы Ак-Башат айылында мектептин жаңы 225 орундуу корпусу курулууда.

Бул тууралуу аталган мектептин директору Таалайбү Осмоналиева билдирет.

Имарат сентябрга карата бүтүрүү пландалып жатат. Учурда билим берүү

мекемесинин курулушу 95 пайызга аяктап калды. Сырты толук бүтүрүлүп,

ички оңдоп-түзөө жумуштары аткарылса жаңы мектеп эксплуатацияга даяр болот.

Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылында

жаңы мектептин коңгуроосу кагылат, — деди мектеп директору.