Ала-Бука районунда 125 орундуу мектептин курулушу уланууда.
Бул тууралуу Көк-Таш айыл өкмөтүнөн билдиришти. Маалыматка караганда,
билим берүү имаратын куруу быйыл жайында аяктап калат. Тендердин жыйынтыгы
боюнча жалпы 19 миллион сомго келишим түзүлгөн. Учурда анын 9 миллион сому сарпталды.
Өлкөдө өзгөчө абал болгондугуна байланыштуу жумушка тартылган
жергиликтүү тургундар үч-төрттөн кезектешип иштеп жатышат.