Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жаңы мектеп курула баштады.
“Турмуш” басылмасы билдиргендей, 225 окуучуга чакталган эки кабаттуу
мектеп имараты Көө-Чаты айылында пайда болот. Долбоордун жалпы суммасы
61 миллион сомду түзөт. Каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүндү. Белгилеп кетсек,
буга чейинки билим берүү мекемеси 17-февралда өрттөнгөн. Мындан
улам окуучулар атайы даярдалган үйлөрдө билим алып келишкен.