Москвада 200 миңдей киши жумушсуз калышы мүмкүн

Россиянын баш калаасы Москвада чет өлкөлүк компаниялар ишин токтотконуна байланыштуу 200 миңдей киши жумушунан айрылып калуу коркунучунда турат. Бул тууралуу Москванын мэри Сергей Собянин 18-апрелдеги блогунда билдирди.

Анын айтымында, өткөн аптада Москвадагы жумуш орундарын колдоону максат кылган 41 миллион доллардык программа кабыл алынды. Анын алкагында жумушсуз адамдар тренингден өткөрүлөт же аларга убактылуу «коом үчүн маанилүү жумуштар» сунушталат.

Собянин жаңы жактырылган программа чет өлкөлүк фирмаларда иштеген 58 миң адамга колдоо көрсөтүүнү көздөөрүн, баш-аягы 12,5 миң киши жаңы тренингдерден өтөрүн жазды. Ошондой эле жумушу жок отурган тургундардын бир бөлүгүнө шаардагы ар кыл уюмдарда, парктарда жана башка жерлерде коомдук жумуштар сунуштала турганын кошумчалады.

Орус күчтөрү 24-февралда Украинага басып киргенден кийин Москвага катар-катар санкциялар салынып, Батыштын жүздөгөн компаниялары Россиядагы ишин токтотушкан. Адистер Батыштын Россияга каршы санкцияларынын кесепети алдыңкы айларда дагы анык көрүнөрүн, орус экономикасы рецессияга туш болорун эскертип жатышат.

Буга чейин орус премьер-министри Михаил Мишустин «мурда болуп көрбөгөндөй санкцияларга» карабастан орус экономикасы жана финансы тармагы аман калганын айткан.