Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоо кийинки жылы жазында өтөт

Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоо кийинки жылы жазында өтөт.

 

Министрлер кабинетинде кабыл алынган токтомго ылайык, жараян 25-марттан 3-апрелге чейин уюштурулат.

 

Бирок тоолуу райондордо каттоо 23-апрелден 2-майга чейин жүргүзүлөт. Каттоого  республика аймагында убактылуу же туруктуу жашаган бардык адамдар жана Кыргызстанда жайгашкан имараттар алынат.

 

Маалыматты жыйноо жана аны менен иштөө жоопкерчилиги атайын тартылган персоналга жүктөлөт. Эске салсак, өлкөдө калкты каттоо 2020-жылы өтмөк, бирок пандемиянын айынан белгисиз мөөнөткө жылдырылган.