«Асман» шаары курула турган аймак кайра каралууда

Ысык-Көл облусундагы “Асман” шаары түшө турган аймак кайра каралууда. Бул тууралуу шаарды куруу дирекциясынын башкы директору Руслан Акматалиев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, шаар түшө турган жердин орду Тимур Файзиев дирекцияга жетекчи болуп турган учурда өзгөртүлгөн. Учурда Чырпыкты айылына жакын жер дагы альтернатива катары каралууда.

«Тимур Файзиев башкы директор болуп турганда ошол жакка көчүрүп коюптур. Бирок биз азыр ал жакка эмнеге которулганын изилдеп чыгабыз. Так маалымат ошондо айтылат».

«Асман» Балыкчыга 15 чакырым жакын жерде, Тору-Айгыр айылынын тоо тарабына түшөрү пландалган.

Акматалиевдин белгилешинче, шаар 4 миң гектар жерди ээлей турганы болжолдонууда. Болжол менен курулган турак жайдын 10% мамлекетке берилет.

Мындай шаарларды өлкөнүн башка аймактарына куруу дагы каралып жатканы айтылды.

Мурда орун басар болуп келген Руслан Акматалиев дирекциянын башчысы болуп 12-апрелде дайындалган. Ал 13-апрелде француз инвесторлору менен «Асман» шаарын куруунун алгачкы этабына беш миллиард долларлык келишимге коюлганын билдирген. Анын айтымында, долбоорго инвестиция салууну көздөгөн франциялык үч компаниянын өкүлдөрү менен мамлекет башчысы жолугуп, демилгелери менен таанышкан.

Президенттин администрациясы Ысык-Көл облусуна «Асман» деп аталган, жарым миллион туруктуу жашоочуга ылайыкташтырылган шаарды куруу долбоорун былтыр жайында жарыялаган. Анда “экологиялык таза, заманбап шарттары бар бул шаар төрт миң гектар жерге 7-10 жылдын аралыгында курулары, үстүнөн караганда комузга окшош болору» деп айтылган.

Бир катар жарандык активисттер долбоорго каршы чыгып, «Асман шаарынын курулушуна жол жок» деп аталган кыймыл түзүлгөн.