Москвада тейлөө тармагында иштеген кызматкерлердин 60 пайызы милдеттүү түрдө
COVIDге каршы эмделиши керек. Бул тууралуу калаа мэри Сергей Собянин жарыялады.
Белгилеп кетсек, Москвада эпидемиологиялык кырдаал начарлап жаткандыктан
кечээтен тартып бир жумалык карантин киргизилди. Москвада
суткасына вирустун жаңы 11 миң учуру катталууда.