«ПСЖ» клубу өзүнүн чабуулчусу Килиан Мбаппе менен болгон келишимди узартуу ниетинде.
Франциялык клубдун жетекчиси 21 жаштагы оюнчуга жылына 32 миллион евро төлөй турган
5 жылдык келишим сунуштоодо. Ал эми Мбаппенин учурдагы келишими 2022-жылдын
июнь айына чейин түзүлгөн. Белгилей кетсек, Килиан Мбаппе футбол боюнча
Франциянын биринчилигинде 12 оюн өткөрүп, 11 гол киргизген