Дүйнөдөгү эң кызыктуу көчөлөр аталды

Дүйнөдөгү эң кызыктуу көчөлөр аталды.

Рейтингди TimeOut туристтик порталы түздү.

Тизменин сап башында Мельбурндагы Смит-Стрит жайгашты.

Анда бары бар, футбол пабынан тартып, эпатаждуу түнкү клубга чейин.

Экинчиде – Барселонадагы Сан-Хуан проспектиси турат. Бул – жөө жана

вело жүрүүчүлөр үчүн оазис. Биринчиден ал жакта көптөгөн эс алуу

жайлары бар, экинчиден өтмөктөрдүн системасы жакшы өздөштүрүлгөн.

Үчилтикти лондондун Саут-Бэнки ээлейт. Скейтбордчулар үчүн

аянтчалары бар жандуу жаштар району жана галерея кызыктырат.