Россия президенти Владимир Путин коронавируска каршы вакцинанын экинчи дозасын алды

Россия президенти Владимир Путин коронавируска каршы вакцинанын экинчи дозасын алды.

РИА Новости билдиргендей, өлкө башчы кайсы вакцинаны алганы так айтылган жок.

Бирок ал Россия чыгарган үч вакцинанын бири экени белгилүү болду. Эске салсак,

Путин биринчи дозаны 23-мартта алган. Аталган өлкө ушуга чейин «Спутник V»,

«ЭпиВакКорона» жана «КовиВак» деп аталган үч вакцина чыгарды.