Муфтият Орозо айынын башталышы боюнча чечим чыгара элек

Муфтият Орозо айынын башталышы боюнча чечим чыгара элек.

Бул тууралуу 24.kgге Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Буга чейин Рамазан айы апрелдин алгачкы күндөрүнө туш келээри айтылган.

Бирок алдын ала датасы кийинки жумада белгилүү болот.

Эске салсак, өткөн жылы ыйык Рамазан айы 13-апрелде башталып, Айт майрамы 13-майга туш келген.

Белгилеп кетсек, мусулмандар бул айда таң аткандан күн батканга чейин оозуна наар албайт, суу дагы ичпейт.