Тамак-аштан уулангандардын саны 290го жетти

Бишкекте жана Чүйдө тамакка ууланып ооруканага кайрылгандардын саны 290го жетти. Алардын 39у жаш балдар. Тамак-аштан ууланып кайрылгандардын 66сы ооруканада дарыланууда. Балдардын 21и жаткырылды. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашев «Азаттыкка» билдирди. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы 27-октябрга карата алардын абалы туруктуу деп бааланып жатканын кабарлады.

Уулангандар 23-октябрда «Империя пиццы» кафесинен тамак алып жегендер экени белгилүү болгон. Бишкек шаардык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы иликтөө жүрүп жаткан учурунда кафени убактылуу жапты. Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы чыга элек. Алдын ала жыйынтыктар 29-октябрда чыгары айтылды. Адамдардын жапырт уулануусунан кийин өлкөдөгү бардык коомдук тамактануучу жайлар текшерилери кабарланган.

Кыргызстанда коомдук тамактануу жайларында жапырт уулануу учурлары буга чейин да катталган. Эки жыл мурун Бишкектеги «Ала-Тоо» тойканасында жүздөн ашуун адам ууланган. Быйыл март айында Аксыда алты адам арактан ууланып каза тапкан. Октябрдын ортосунда Сузакта 130дай адам тойдо ууланып, ооруканага кайрылган.

Көзөмөл органдары мындай жайлар бизнес субъектиси болгондуктан текшерүү укугу чектелүү экенин айтып келишкен. Эми өкмөттүн 2018-жылы ишкердик субъектилерин текшерүүгө убактылуу салган тыюусу алынды.