Ысык-Көлдүн пансионаттарында кийинки жумада эмдөө боюнча көчмө топтор иштеп баштайт

Ысык-Көлдүн пансионаттарында кийинки жумада эмдөө боюнча көчмө топтор иштеп баштайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

 

Анын айтымында, ар бир эмделген жаранга вакцинаны алгандыгын тастыктаган сертификат берилгендиктен, биринчи дозаны жарандар эс алган жеринен, ал эми экинчисин жашаган жери боюнча ала алат.

 

Эске салсак,   11-июлда Кыргызстанга кытайлык Синофарм вакцинасынын 1 миллиондон ашык дозасы жеткирилди. Учурда өлкө аймагында 800 эмдөө түйүнү иштеп жатат.