Кыргызстан “Камбар-Ата” жана башка ГЭСтерди курууга инвесторлорду чакырууда

Кыргызстан “Камбар-Ата” жана башка ГЭСтерди курууга инвесторлорду чакырууда.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев Биринчи Ташкент эл аралык инвестициялык форумунда билдирди.

Анын айтымында, энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу максатында Кыргызстан ГЭСтерди куруу боюнча бир катар долбоорлорду ишке ашырууну, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлорду иштеп чыгууну көздөөдө.

Биз инвесторлорду “Камбар-Ата 1” сыяктуу ири гидроэнергетикалык жана башка келечектүү багыттагы долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырабыз.

Биз инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө даярбыз, — деп айтылат маалыматта.