Башкы прокуратура министр Алымкадыр Бейшеналиевге эскертүү берди

Башкы прокуратура саламаттык сактоо министринин этикага жатпаган жүрүм-туруму үчүн эскертүү берди.

Мекемеден билдришкендей, мындай чечим министр Алымкадыр Бейшеналиев боюнча массалык маалымат каражаттарына жарыяланган жана жарандардан келген билдирүүлөрдү текшерүүнүн негизинде кабыл алынды.

Белгилеп кетсек, буга чейин социалдык тармактарда чиновниктин этикага жат жүрүм-туруму боюнча маалыматтар тараган.