Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин ыктыярдуу аттестациялоосуна катышууга каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Каттоо 16-апрелден 30-апрелге чейин жүргүзүлөт.
Ыктыярдуу аттестациялоонун негизги милдеттери төмөнкүдөй:
- мугалимдерди кесиптик жактан өсүүгө шыктандыруу;
- билим берүүнүн сапатын жогорулатуу;
- мугалимдердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсүнө дем берүү;
- педагогикалык ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу;
- насаатчылык жана методикалык колдоо системасын өнүктүрүү;
- билим берүүнүн жыйынтыктарынын сапатын жогорулатуу үчүн мугалимдерди илимий-методикалык жактан коштоонун бирдиктүү системасын түзүү болуп эсептелет.
Санариптик арызды жана портфолиону каттоо үчүн http://ncokoit.kg сайтында “Педагогдорду аттестациялоо” бөлүмүндө “Педагогдорду ыктыярдуу аттестацияга санариптик каттоо” бөлүгүндө атайын шилтеме жайгаштырылган.
Бул шилтемеге Google аккаунт аркылуу кирип, берилген форманы туура толтуруп, талап кылынган документтерди PDF форматында жүктөө зарыл.