9-майга карата согуштун катышуучулары жана майыптарына 20 миң сомдон берилет

Кыргызстанда 9-майга карата Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары 20 миң сомдон жогору акча алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

 

Жалпысынан 640тай адамга дээрлик 10 миллион сом суммасындагы бир жолку жөлөк пул каралган.

 

Каражат согуштун майыптары, катышуучулары, концлагерлердин мурдагы жашы жетпеген туткундары, атайын төш белги менен сыйлангандар, фронтто курман болгон жоокерлердин ата-энелери жана экинчи никеге турбаган жесирлерине бөлүштүрүлөт.