Мугалимдик кесипке окуган мыкты студенттерге төрт миң сомго чейин төлөп берүү пландалууда

Мугалимдик кесипке окуган мыкты студенттерге төрт миң сомго чейин төлөп берүү пландалууда.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдиргендей, ЖРТда жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдү мугалимдик кесипке шыктандыруу максатында жакшы окуган студенттерге акчалай төлөмдөрдү берүү каралууда.

Мугалимдик кесиптин 1-2-3 жана 4-курстарында 1 миң сомдон 4 миң сомго чейин төлөп берүү боюнча сунушту министрлер кабинети бир добуштан колдоду, — деп айтылат маалыматта.