Кыргызстанда дизель майынын литринин орточо баасы 69 сомго жетти

Кыргызстанда дизель майынын литринин орточо баасы 69 сомго жетти.

Улуттук статистикалык комитет жарыялаган баа мониторингине ылайык, 1-июлдан тарта дизелдик майдын баасы 6,3 пайызга кымбаттады.

Эң кымбат күйүүчү май Исфана менен Баткенде 74 сомдон жогору сатылууда.

Ал эми эң арзаны Каракол шаарында литри 68,5 сомдон.

Бензинге келсек, баалар салыштырмалуу туруктуу бойдон калууда.

А-95 үлгүсүндөгү бензин республика боюнча орточо 65 сом 80 тыйын болсо, А-92 4 сомго арзан.