Мурдагы премьер-министр Темир Сариев кармалды

  1. Мурдагы премьер-министр Темир Сариев кармалды, деп билдирди бүгүн,

3-августта УКМКнын басма сөз кызматы.

Сариев Кумтөр кениндеги коррупцияга шектелүүдө. Ал учурда УКМКнын

абагына камакка алынды.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Сариев экономика министри, ошону менен

бирге тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган убакта

Кумтөр кениндеги экологиялык зыяндын суммасын бир нече миллиард

сомго азайтып койгон. Анын кесепетинен мамлекетке эбегейсиз зыян келтирилген.

48 сааттын ичинде Биринчи май райондук соту Темир Сариевдин баш коргоо чарасын карайт.