Кыргызстанда коронавирус боюнча ведомство аралык комиссиясынын ишинин жыйынтыгы жарыяланды

Кыргызстанда коронавирус боюнча ведомство аралык комиссиясынын ишинин жыйынтыгы жарыяланды.

 

Бир ай бою медицина кызматкерлери, депутаттар, мамлекеттик түзүмдүн өкүлдөрү, активисттер жана көз карандысыз эксперттер мамлекеттик органдардын коронавируска даярдык көрүүсүн жана аны менен күрөшүү иштерин изилдешти. Алсак, вирустан дарылануу боюнча 3-протокол 1 айга кечигүү менен кабыл алынганы аныкталды.

 

Андан тышкары, гуманитардык жардамдын келиши жана анын ооруканаларга таратылышы боюнча маалыматтар бири бирине дал келбейт. Ушул жана башка фактылар Коопсуздук кеңешине жиберилет.