Бүгүн, 27-июлда Биринчи май райондук соту Башкы прокуратуранын
Асылбек Жээнбековду камакта кармоо мөөнөтүн узартуу боюнча өтүнүчүн карады.
Сот Асылбек Жээнбековду камакта кармоо мөөнөтүн 2 айга, тактап айтканда 30-сентябрга
чейин узартты.Судьянын «өзүн күнөөлүү деп эсептейби?» деген суроосуна Жээнбеков
«таптакыр күнөөлүү эмесмин» деп жооп берди.
Биринчи май райондук сотунун жанына А.Жээнбековдун тарапташтары да чогулду.