Банкроттук иштер боюнча департаменттин кызматкери 100 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалды

коррупция

Банкроттук иштер боюнча департаменттин кызматкери 100 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришкендей, директордун орун басары уюмдардын

активдерин төмөн баада алуу үчүн туруктуу коррупциялык схема түзүп алган. Администратор ишкананын

активинин наркын төмөндөтүү боюнча иштерге катышуудан баш тарткан. Мындан улам анын функцияларын

өзүнүн карамагындагы кызматкерге өткөрүп берүү үчүн, ага өз ыктыяры менен кызматтан кетүүгө каражат сунуштаган.

Тинтүү учурунда шектүүнүн кызматтык бөлмөсүнөн 1 миллион 331 миң сом табылды.

Учурда орун басар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.