WhatsApp мессенджерине эми профилге бир эле учурда бир нече гаджет менен кирсе болот

WhatsApp мессенджерине эми профилге бир эле учурда бир нече гаджет менен кирсе болот.

WABetainfo порталы жарыялагандай, WhatsApp Web жана WhatsApp Desktop иштеп турушу

үчүн башкы колдонуучу онлайн болбой деле койсо болот. Мындай режимде бир аккаунтка

беш гаджет менен кирип колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле аталган функцияны

колдонуп жаткан ар бир гаджеттеги маалымат шифр менен корголот. Жаңычылдык

азырынча Android жана 2.21.14.1 бета-версиясында иштеп жатат.

Жакынкы арада баарына жеткиликтүү болот.