Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарында медициналык тейлөө борборунун капиталдык оңдоп-түзөө иштери жыйынтыкталды

салам

Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарында медициналык тейлөө борборунун капиталдык

оңдоп-түзөө иштери жыйынтыкталды. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей,

медициналык мекеме 60 орунга чакталат. Объектинин ички жасалгалоо жумуштары аткарылып, терезелер орнотулду,

полдору, электр линиялары, сантехника толугу менен жаңыланды. Оңдоо иштерине мамлекеттик бюджеттен жана

“Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” тарабынан 2 миллион сом бөлүнүп берилген.