Чүй облусунун Орловка шаарында эки көчөгө асфальт төшөлдү.
Бул тууралуу аталган шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, жергиликтүү бюджеттен 19 миллион сом бөлүнүп,
жаңы курулган 3 чакырым жолго асфальт төшөлүп, 4 көчө оңдолду.
Буга чейин аталган шаардагы 2 көчө 30 жылдан бери ремонттолбой келген.