Нарын облусунун Ат-Башы районунда тоого жылкы айдап кеткен үч бала аман-эсен кайтып келди

Нарын облусунун Ат-Башы районунда тоого жылкы айдап кеткен үч бала аман-эсен кайтып келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

 

«Балык-Суу тилкесине 21-май күнү саат 06:00 чамасында жайытка жылкы айдап кеткен 3 бала 23-май күнү саат 20:40 чамасында өздөрү кайтып келишкен. Абалдары жакшы. Издөө иштерине кызматкерлер жана туугандары тартылган», — деп билдиришти ӨКМдан.