Кыргызстандагы соода борборлору эртең иштеп баштайт

Кыргызстандагы соода борборлору эртең иштеп баштайт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов эскертүүдө. Ал белгилегендей, бирок соода борборлоруна толук кандуу ишке кирүүгө уруксат берилбейт.

 

Алсак, алардагы тамактануу жайлары жана балдар аянтчалары жабык болот. Ошондой эле, 21-майда кийим, унаа жана мал саткан базарлар, дүкөндөр ачылат. Мейманканалар дагы ишин жандантат, бирок алардагы бассейн, спорттук залдар коноктор үчүн жеткиликтүү болбойт.