Билим берүү министрлиги окуучулар экинчи чейректен тарта кадимки форматта окуп калат деген ниетте

Билим берүү министрлиги окуучулар экинчи чейректен тарта кадимки форматта окуп калат деген ниетте. Бул тууралуу ведомство жетекчиси Алмазбек Бейшеналиев билдирди.

 

Ал белгилегендей, окучуулар мектепте билим алышы керек, бирок бул өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан көз каранды. Республикалык штаб абалды иликтеп, балдарды мектепке кайтаруу боюнча туура чечим кабыл алат, — деди министр.

 

Эске салсак, Кыргызстан окуучулары марттан бери онлайн форматта билим алууга аргасыз.