Нарында муктаж үй-бүлөлөргө отун таратылды

Нарын шаарында муктаж болгон 20 үй-бүлөгө отун таратылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаардык жашылдандыруу ишканасы тарабынан Алма бак паркын санитардык тазалоо иштеринен улам өсүүсү токтогон жана кулоо коркунучу бар бактар кыйылып, муктаждарга бекер таратылды.

Жалпысынан 20 куб отун арыз менен кайрылган тургундарга бөлүнүп берилди.