Бишкекте “Балалык” эс алуу багын куруу иштери уланууда

Бишкекте “Балалык” эс алуу багын куруу иштери уланууда.

Мэриядан билдиришкендей, сквер Байтик Баатыр жана Токомбаев көчөлөр

кесилишинде жайгашат. Жер жана ички инженердик тармактарды куруу аяктады.

Учурда ирригация тармактарын орнотуу, дарактарды отургузуу жана кире беришти

мрамор менен жасалгалоо процесси жүрүп жатат.

Иштер шаардык бюджеттин эсебинен аткарылууда.