ТИМ кыргызстандыктарды Тажикстанга барбай турууга чакырды

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды Тажикстанга убактылуу барбай турууга чакырды.

Мекеменин маалыматына караганда, бул өлкө аркылуу башка мамлекетке да чыкпай туруу сунушталат.

Белгиленгендей, мунун себеби кыргыз жарандарынын Тажикстандын аймагына киришин чектеген чараларга байланыштуу.

Тажикстанга кирүү жана чыгуу маселеси боюнча маалымат же кеңеш алуу үчүн Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментине жана Кыргызстандын Душанбедеги элчилигине кайрылуу керек.