Кыргызстанда 300 миңден ашык шайлоочунун маалыматы туура эмес болуп чыкты

Кыргызстанда 300 миңден ашык шайлоочунун маалыматы туура эмес болуп чыкты. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, алардын жашаган дареги башка жерде катталган, паспортунда башка көрсөтүлүп калган.

 

Мындай учурларда шайлочулар tizme.gov.kg сайтынан, 1255 же 119 кыска номерлерине чалуу аркылуу өз маалыматтарын жаңылап коюушу керек.

 

Андан тышкары, калкты тейлөө борборуна кайрылса болот. Кыргызстандагы шайлоочулардын соңку саны   3 миллион 606 миң 201 адам деп көрсөтүлдү.