Жалал-Абад шаарында бир катар чектөөлөр алынды

Жалал-Абад шаарында бир катар чектөөлөр алынды.

Шаардык штабдын чечими менен эми, театр, филармония,

музей, маданият сарайлары иштеп баштаса болот. Бирок аталган

мекемелерге жарандар белгиленген гана санда киргизилип,

санитардык нормаларды сакташы керек. Аны менен катар калаадагы

тойканаларга орундуктардын санын кыскартуу менен иштөөгө уруксат берилди.

Ошондой эле шаарда кайрылгандардын саны

азайганына байланыштуу күндүзгү стационарлар жабылды.