Сузакта жаңы мектеп колдонууга берилди.
Район администрациясынан билдиришкендей, 120 орундуу жалпы билим берүү мекемеси Жашасын-2 айылында жайгашат. Мектеп окуу класстары менен, ашкана, спорт зал менен камсыздалган.
Жаңы окуу жылынан тарта анда Ырыс, Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүнүн балдары билим алып баштайт. Белгилеп кетсек, буга чейин аталган аймакта фельдшердик-акушердик түйүн ачылган болчу.