Сентябрда мугалимдер жогорулатылган айлыгын эле алышат

Сентябрда мугалимдер жогорулатылган айлыгын эле алышат. Билим берүү министрлигинен белгилешкендей, агартуучулардын маянасы төмөндөтүлөт деген маалымат чындыкка дал келбейт.

 

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 1-апрелден тарта педагогикалык, техникалык жана кичи тейлөөчү персоналдын айлыгы 80 пайызга көбөйтүлдү, ал эми административдик персоналдыкы – 50 пайызга. 1-сентябрда дагы мугалимдердин айлыгы азыркы деңгээлде сакталат, — дешти ведомстводон.