Бишкек ЖЭБи жылуулук сезонун баштоого даяр

Бишкек ЖЭБи жылуулук сезонун баштоого даяр. “Электр станциялар” компаниясынан билдиришкендей, шаар тургундарына жана социалдык объектилерге жылуулук берүү боюнча чечимди мэрия кабыл алат.

 

Белгилеп кетсек, адатта ордо калаада жылуулук сыртта аба ырайы 5 күн катары менен +8 градустан көтөрүлбөгөн учурда берилип баштайт. Өткөн жылы жылуулук сезону 5-октябрда башталган.