Неймар ПСЖда дагы бир жылга калууну чечти

Неймар ПСЖда дагы бир жылга калууну чечти. Буга чейин бразилиялык футболчу жайкы трансфер учурунда башка клубка өтүшү мүмкүн деген маалыматтар айтылган.

 

Бирок Неймар талап койгон трансфер баасы жана анын айлыгы башка клубдар үчүн өтө чоң сумма болгондуктан, анын ПСЖ менен келишими узартылды. Белгилеп кетсек, Неймар “Пари Сен Жермендеги” эң көп маяналуу оюнчу.

 

Ал Лионель Месси жана Килиан Мбаппеден дагы  көп алат.