3-июлга караган түнү футбол боюнча Европа чемпиондугунун 1/4 финалдык оюндары башталды.
Анда Санкт-Петербург шаарындагы «Газпром Арена» стадионунда Испания курамасы менен Швейцария курамасы кез келди. Беттештин негизги 90 мүнөттүгү 1:1 эсебинде аяктап, оюн кошумча 30 мүнөттүк менен уланды. Командалар анда дагы эсеп санын өзгөртө албай, оюн пенальтилер сериясына жетип, анда Испания 3:1 эсебинде жеңишке жетти.
Муну менен Испания турнирдин жарым финалына чыкса, Швейцария үйүнө кайтат. Жарым финалда Испания Бельгия — Италия жубунун жеңүүчүсү менен кез келет.
1/4 финал: Испания — Швейцария (1:1), (3:1);
Голдор: Денис Закариа (8-м, өзүнүн дарбазасына), Жердан Шакири (68-м).