Нидерландыда телефон менен сүйлөшүп бараткан айдоочуларды аныктоочу атайын камералар орнотулду

Нидерландыда телефон менен сүйлөшүп бараткан айдоочуларды аныктоочу атайын камералар орнотулду. Жергиликтүү бийлик мунун менен авариялардын санын кыскартуу ниетинде.

 

Камера ар бир унааны тартып калат.  Ал эми компьютер системасы сүрөттү анализдейт. Эгер бузуу катталса, сүрөт полицияга жөнөтүлөт. Белгилеп кетсек, Нидерландыда унаа башкарып баратып смартфон менен сүйлөшүү үчүн 240 евро, же 25 миң сом айып салынат.