Париж мэриясына жетекчилик кызматтардын көбү аялдарга таандык болгону үчүн айып салынды.
Франция шаарынын администрация башчысы Анн Идальго билдиргендей, мындай чечим негизсиз.
Идальгону Франция бийлиги жетекчилик кызматтарга 11 аял жана болгону 5 эркек 2 жыл мурда
бекитилгени үчүн айыптады. Бул башкы посттордун 69 пайызы аялдарга таандык экенин билдирет.