Дүйнөдөгү эң чоң картина Дубайда 62 миллион долларга сатылды. “Адамдын саякаты” аталышындагы сүрөт Улуу Британиялык сүрөтчүгө таандык. Анын аянты эки футбол талаасына барабар.
Бул сүрөттү тартууга 8 ай талап кылынды. Аукциондон түшкөн каражат кайрымдуулукка жумшалат.